Menu

Канткенде окуу китептеринин тартыштык маселесинен арылууга болот?

Бөлүшүү:

Балдардын билимдүү болушу үчүн мугалимдердин билим сапаты, ишти билген кесипкөйлүгү жогору, ошол эле мезгилде заманбап болушу керек. Бул тууралуу пикир бөлүшүп, ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев бүгүн, 21-сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы билдирет.

Эл өкүлүнүн айтымында, Казакстандын 1000ге жакын мугалимдери Финляндия, Эстония мамлекеттеринен билимин жогорулатып келишкен. “Биз дагы ушул тажрыйбаларды колдонушубуз керек. Бул максатка деп бюджеттен 30 млн. сом бөлүнөт экен. Ал эми талап кылынган каражат  160 млн. сомдон кем болбош керек”, – дейт А.Нурбаев.

Эстония Европада билим берүүнүн сапатын жогоруталуу жагынан 5-орунду камсыздаган. Алар буга мектептерге децентрализация укуктарын берүү менен жетишкен, – деген депутат, – эл аралык тажрыйбалардын мындай үлгүлөрүнөн көп нерсени үйрөнсө боло тургандыгын айтты.

Окутула турган предметтик сабактарды тандоо укуктары да Эстония менен Финляндияда балдар менен алардын ата-энелерине берилген. Бул балдардын жөндөмүнө карап билим берүүгө жардам берет, – деп эл аралык бир топ тажрыйбаларды санап берген парламентарий, – окуу китептери менен камсыздоо шарттарына да токтолду.

Ошондой эле окутуу процессинде курулай жаттатуу менен чектелбей, ар бир өтүлгөн тема боюнча ар бир окуучунун жеке пикирлерин угуу кажет. Бул балдардын эркин ой жүгүртүүсүнө жакшы, – дейт А.Нурбаев.

Уктурууга катышкан КР Билим берүү академиясынын окумуштуу катчысы Айнагүл Ниязованын билдиришинче, окуу китептери 5 жылдык мөөнөткө гана колдонууга жарайт. Себеби, предметтик стандарттар улам –улам өзгөртүлүп турат. Бул окуу китептеринин жаңыртылып турушун шарттайт.

Дүйнөлүк банк аркылуу ишке ашырыла турган ири долбоорлордун бири бул электрондук китепканаларды түзүү болуп саналат. Бул жагдайга токтолгон А.Ниязова,- “Кыргызстандагы 60 мектеп тандалып алынып, мультимедиалык комплекс даярдалууда. Ал жерде өзүнчө сайт болуп, ар бир класстын окуу китептери жайгаштырылат. Навигациясы да кошо камтылат. Дагы 30 мектепке электрондук китепкана түзүү иштери жайылтылат. “Кыргыз адабияты”  китеби кыргыз, орус тилдеринде эки блокко бөлүнүп басылып чыкты. Бул окуучуларга жакшы шарт түзүлгөндүктүн бир далили”, – дейт.

Окуу китептерине деп жылына республикалык бюджеттен 120 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу  Азия өнүктүрүү банкынын окуу китептерин колдоо боюнча долбоорунун өкүлү Улан Мамбетакунов маалымат берди. Адистин айтымында, окуу китептерин даярдоого Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык каржы уюмдары дагы жакындан колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилөөгө болот. Окуу китептеринин электрондук версиясын дагы сайттарга жайгаштыруу иштери жакшы натыйжасын берип жатат.

2014-2015-жылдагы басылып чыккан китептердин ижарага берилиши пилоттук долбоор катары тандалып алгынган Жайыл районунда ата-энелердин колдоосуна ээ болуп жатат. Базар кыдырып, бери жагы 200-300 сомдук китептерди сатып алгандын ордуна, мектептен ижарага алынган жаңы китептердин ар бирине 20 сомдук жылдык ижара акысын төлөп туруу ата-энелерге жеңилирээк. Муну жалпы республика аймагына жайылтууну сурангандар да бар, – дейт АӨБ өкүлү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: