Menu

Ашхабадда чет өлкөлүк журналисттерди экиден гид коштоп жүрөт

Бөлүшүү:

Ашхабадда Азия оюндарын чагылдырап жаткан чет өлкөлүк журналисттер тыкыр көзөмөлгө алынууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы менен маектешкен чет өлкөлүк кабарчы медиа өкүлдөрүнүн көбүнө мелдешти видеого жана сүрөткө тартууга уруксат берилбегенин айтты.

Анын билдиришинче, ар бир журналистти экиден гид көзөмөлгө алууда. Алар күнүнө үч жолу Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук комитетиндеги кураторлоруна маалымат беришүүдө.

”Мени эки гид коштоп жүрөт. Ээн-эркин баса албайм, дайыма жанымда жүрүшөт. Инстуркциялары ушундай экенин айтышты. Алар жергиликтүү университеттердин студенттери экен”,-деди журналист.

Маалыматтарга караганда чет өлкөлүк журналисттердин Ашхабаддан башка аймактарга баруусуна дагы тыюу салынган.

Бул арада The Guardian, Associated Press өңдүү бир нече чет өлкөлүк ММКларга берилген аккредитациялар жокко чыгарылган. “Азаттыктын” түркмөн кызматы дагы мелдешти чагылдыруу үчүн уруксат ала алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: