Коомдук телерадио-компаниясы дагы бул иштен четте калбай, тапшырманы “татыктуу” аткарды. Өмүрбек Бабановдун Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусун эле андан башка жаманатты кылаарга тема таппай күтүп тургандай, шардана кылышты. КТРК Бабановду каралоого убактысын да аябай кеңири берип, курулай жалааларды маалыматтын так булагын атай албай, социалдык тармактардагы нечен миңдеген колдонуучулардын моюнуна илип койду. Терс пикирлердин баарын соцтармактардан алышкандай түр көрсөтүшүп, жалган маалыматтарды жайылтышты. Коомдук телеканал үчүн бардык талапкерлер бирдей укукта болушу керек эле. Эгер ошончолук эле Бабановду жамандоого так маалымат болгон учурда да, бир жактуу кетпей, эки тараптын тең пикирин алууга эмне жолтоо болду? Бул жерде бир гана жооп бар. Анткени, админресурс деген “кудуреттүү” таякча ишаарат кылган. Илгертен эле КТРК кайсы бийлик болбосун анын кара жащигине айланып, элди туура маалымат менен камсыз кылуунун ордуна, башын каңгы кылып келет. КТРК ушул шайлоодо обончулугун токтотуп калыс маалыматтарын берсе болмок.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ