Бул жерде да бийлик кылдан кыйкым издегиле деп БШКга административдик тапшырмадан кийин чыккан чыр. БШКнын чечимдерине добуш берип жатканда, ал жакта да Жогорку Кеңештей болуп КСДПнын коалициясы көптүк кылат экен. Партиясыз эле өз аты менен чыккан Өмүрбек Бабанов менен КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун бир баннердеги сүрөтү БШКны чоң бушайманга салды. Сүрөттө талапкер Жээнбеков менен Воронов желкесинен тартылган, башкача айтканда арт жагынан тартылган. Таң калганыбыз Жээнбеков менен Воронов кишилерге арт жагы менен сүйлөп, арт жагы менен жүрбөйт да. Жүзү көрүнбөгөн сүрөттө аларды арт жагында жүргөндөр эле таанып билип алышпаса, биз аларды күндө эле алды жагынан көрөбүз. Бийлик не десе, ошондой болот да. Административдик күч колдонуу менен Бабановго эскертүү беришти.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ