Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ен Хо Пхеньян суутек бомбасын Тыня океандын үстүнөн сынай ала турганын жарыялады.
Түштүк Кореянын Ренхап агенттиги билдиргендей, Ли Ен Хо Дональд Траптын БУУда жасаган билдирүүсүнө Пхеньян суутек бомбасын жардыруу менен жооп кайтарышы ыктымал экенин айтты. Кошмо Штаттардын лидери 19-сентябрда ондогон дүйнө өкүлдөрүнүн алдында жасаган кайрылуусунда эгер Түндүк Корея АКШга же анын өнөктөштөрүнө кол салса, бул өлкөнү жок кыларын эскерткен.
“Балким, Тынч океан үстүндө суутек бомбасы менен тарыхый жардыруу уюштуруу жагын карайбыз”,- деди дипломат. Бирок ал Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын пландарын так билбей турганын кошумчалады.
Буга чейин Хо Трамптын БУУ Ассамблеясындагы сөздөрүн “иттин үргөнүнө” теңеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ