2017-жылдын 19-сентябры күнү саат 06:00 чамасында Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Бакпай жайытында куураган чөп күйүп баштаган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
КР ӨКМнин куткаруучулары ишке тартылып, күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Кечээ, 21-сентябрда келген куткаруучулардын түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери убактылуу токтотулуп, 3 куткаруучу жеринде күзөттө калышып, өздүк курам туруктуу ордуна саат 19:05те кайтып келишкен. Өрттүн кесепетинен жалпы 40 га куураган чөп күйүп, анын ичинен 26 га өчүрүлгөн.
Бүгүн өрттү өчүрүү иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ