Москва шаардык соту борт коштоочулар салмак жана кийим өлчөмү боюнча “Аэрофлот” жетекчилиги тарабынан басмырланган деп тапты.
Соттук коллегия “Аэрофлот” директору тарабынан кабыл алынган буйруктун “Кабина экипажынын мүчөлөрүнө карата талаптары” пунктунда басмырлоо белгилери болгондуктан, аткарууга жатпайт деген бүтүмгө келди.
Февралдын соңунда Свобода радиосу «Аэрофлотто» иштеген борт коштоочу Евгения Магуринанын маегин жарыялаган. Анда ал 2016-жылдын жайынан бери 40 жаштан улуу жана кийиминин өлчөмү 48ден ашкан стюардессалардын бардыгы эл аралык каттамдарга чыгарылбай калганын айткан. Бул маалыматты башка борт коштоочулар дагы ырасташкан. «Аэрофлот» компания кызматкерлерин сырткы көрүнүшүнө жана курагына карап басмырлабай турганын билдирип келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ