Адахан Мадумаров өткөн жумада Өмүрбек Бабанов менен Өзгөндө эл алдына чыгып, биригүүлөр болуп жатканын айткан. Бирок Бабановду колдоорун же колдобосун ачык билдирбей, куру чечендик көнгөн адатына салып, ниет-максатын түз билдирбей, айландырып отуруп кырдаалдан чыгып кеткен. Ошого карабастан Бабановдун пиар компаниясы Мадумаровду кошулду дедиртип дүңгүрөтүштү. Анан Бабанов менен Төрөбаевдин биригүүсү болду. Бири президент, бири премьер болмой болушту. Мына анан Мадумаров чалкасынан кетти. Маалымат жыйын өткөрүп: «Мен креслонун эмес, идеянын айланасында биригели деп жатам. Мына ошол абдан жакшы жол менен бараттык эле. Тилекке каршы, “сен президент, мен премьер-министр” деп жарыялай коюп, биригели деп жаткан көптөгөн азаматтардын көөдөнүн суутуп коюшканы мени өкүндүрүүдө», – деп тарс жарылды. Натыйжада, өз алдынча шайлоого бармай болду…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ