Бишкекте эки айдоочу жол талашып бири экинчисине ок чыгарды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрдын кечинде Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
“Хонда фит” жана “Мерседес” унааларынын айдоочулары жол талашып урушушкан. Биринчи унаанын айдоочусу пневматикалык тапанча алып чыгып оппонентин аткан.
Жыйынтыгында экинчи айдоочу ийининен жаракат алган.
Окуя болгон жерге келген патрулдук милиция кызматкерлери эки айдоочуну тең кармап кетишкен, учурда алар азыр тергөө астында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ