2017-жылдын 4-октябрь күнү автоунаасынын ичинен уюлдук телефонун жана акча каражаттарын уурдап кеткен жаранга карта чара көрүп берүү үчүн жабырлануучу милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Келтирилген чыгым 65 000 сомду түзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 35 жаштагы М.Г. аттуу жаран кармалган.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексиниин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ