Айта берип коомчулук тажабады, атургай аалам кыйкырып атат “Өөй, кыргыз паспорту бандит, террорист, ууру-кескилерге эле чыгабы?” -деп. Бирок, биздин каттоо кызматыбыз таптакыр кереӊ болуп калган окшойт. Эч укпады.
Мына дагы бир окуя ачылды. Казакстандын Түштүк-Казахстан областынын ички иштер департаментинин уюшулган кылмыш менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын октябрь айынан тартып, буга чейин бир нече ирет соттолгон кылмыш чөйрөсүндөгү “авторитет” Рафаэль Бикбаевдин жетекчилиги астындагы кылмыштуу топту кармоо иштерин активдүү жүргүзгөн. Бикбаев жетектеген ал топ Түштүк-Казакстандын аймагында тоноо жана рейдерлик иштерди алып барган. Ушул жылдын март айында полиция кызматкерлери Түштүк Корея жаранынын арызын караган. Ал 2014-жылы сырьё өндүрүүчү фабрика куруп, ишкерлик менен алектенип жүргөн. Бирок Бикбаев баштаган кылмыштуу топ ал ишкерди коркутуп анын фабрикасын өзүнүн бир мүчөсүнө жаздырып койгон. Июнь айынын аягында оперативдүү топтор Шымкенттен кылмышкерлердин 9 мүчөсүн кармаган жана алар Бикбаевдин Корея жаранынан фабриканы мыйзамсыз түрдө тартып алгандыгын моюндарына алышып көрсөтмө беришкен. 2- августта Бикбаев мамлекеттер аралык издөөгө алынып, ушул жылдын 16-сентябрында Казакстан жана Россиянын ИИМи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын натыйдасында Рафаэль Бикбаев Россиянын Москва областына караштуу Раменск районунда кармалган. Анын жанында Кыргыз Республикасынын жараны деген жасалма паспорту болгон. Бул тармакты Сарпашев саптай албай койгон соӊ «Жаш, идеяга бай, жаӊы замандын кадры»-деп Дастан Догоев деген чычымды алып баршпады беле. Мунусу да жыргатпады. Качан деги каттоо кызматы ирээтке келет?
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ