Menu

Биометрикадан өтпөй калган жарандар шайлоого катышыпайбы?

Бөлүшүү:

Дайыма мезгилден озуп иш жасаган биздин Өкмөт дүйнөлүк практикада сейрек кездешүүчү  биометрикалык паспорт менен шайлоолордо добуш берүү ыкмасын ойлоп табышкан болчу. Эгер  “жакшылардын” логикасына ишене турган болсок, биометрикалык паспорт менен добуш берсек эле шайлоо таза өтүп, эч кандай добуштарды бурмалоого жол берилбейт экен. Бир чети эл  биометрикалык маалыматтар алынып атканда ар бир жарандын үй дареги, ден-соолугунан баштап баардык жеке сырлары электрондук каттоого түшүп каларынан чочулашкан болчу. Көрсө, алар бекер шектенишпеген тура. Себеби сенин толук маалыматыңды билген Мамлекеттик каттоо кызматы күн мурунтан эле сен үчүн “добуш” берип коюшу мүмкүн экен. Дал ушул жана башка  кылмыштуу элементтерден чочулаган 800 миңдей кыргызстандык биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев өзү билдирди. Ал  биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого да катыша албасын кошумчалады.  Догоев биометрикасы барлардын саны 3 млн. 800 миңге жеткенин, анын ичинде 2 млн. 914 миң 588  жаран шайлоо тизмесине киргенин да жар салды. Эми шайлоочулардын үчтөн бирге жакыны  катышпаган президенттик шайлоону канчалык деңгээлде легитимдүү деп айтууга болот? Дегеле  калган 800 миң жаран мындан ары добуш бере албагандыгын айтпаганда да, башка мамлекеттик кызматтардан пайдалана албай калбайбы?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: