Menu

Бердымухамедов “мен ырдайм” деп чыркыраптыр…

Бөлүшүү:

Ушу тапта Түркмөнстандын Ашхабад шаарында уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндары өтүп жатпайбы. Эми ошол оюндун жабылышын түркмөн туугандар шоуга айлантышканы туру.

Тагыраагы, Азиаданын жергиликтүү уюштуруучулары оюндардын жабылуу салтанатын  көрүнүктүү кылуудан тышкары, президентке өзүнүн 2 жыл мурдагы рекордун жаңыртууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө ниеттенип жатышат. Маалыматка караганда, анда мамлекет башчы өзүнүн “Ядымда” (“Эсимде”) деген лирикалык ырын аткарып, аны 7,5 миң киши коштоп ырдайт. “Чет өлкөлүк адистерге бул идея анча жаккан жок, бирок алар аны кабыл алууга мажбур болушту, анткени келишим боюнча жергиликтүү уюштуруучулар биринчи жолу сценарийге каалаган өзгөртүүлөрдү киргизе алышат”,- дейт тиешелүү тараптар. Эсиӊерде болсо, 2015-жылы ноябрда Мары шаарындагы концерттик залдын салтанаттуу ачылышында өзүнүн “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген ырын аткарган Бердымухамедовду коштоп төрт миңге жакын  киши ырдаган.  Айтор ажолорго жагынуу жагынан Борбордук Азия алдына ат салдырбай келет.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: