Menu

Нургожо ажы уулун көрбөгөн бойдон дүйнөдөн өттү

Бөлүшүү:

Ушул жумада бийликтин каарына калып камалган дагы бир чыгаан уулдарынын бири, экс-депутат Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ажы аксакал 84 жашында дүйнө салды. Маркум 21-сентябрда саат 11:00дө туулуп- өскөн жери – Түп районунун Кеӊ-Суу айылында жерге берилди. Бирок бийлик баласы Садырдын атасын акыркы сапарга узатып, топурак салууга уруксат берген жок. Алгач адвокаттардын өтүнүчү канааттандырыла турган болуп эле тескери жооп айтылды. Көрсө, Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык соттолгондорго кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт экен. Бийликтин мындай ак жеринен камап жибергени аз келгенсип, атасына топурак салууга да уруксат бербеген таш боордугуна коомчулук өтө нааразы болууда. Балким, маркум Нургожо аксакал дагы бир аз жашайт беле. Тилекке каршы баласынын ак жеринен камалгандыгына көп кайгырып, ден соолугун жоготкондугу тууралуу андан кабар алгандар көп эле айтып, жазып жатышкан. Ал тургай аксакал президент А.Атамбаевдин өзүнө ырайым кылуу өтүнүчү да жоопсуз калган болчу. Ооба, мыйзам аткарылыш керек. Ошол эле учурда оор кылмыш жасабаган адамга жок дегенде көзү өткөн атасына топурак салууга уруксат  берилсе, пенделик парыз да аткарылып, бийликтин абийирине жаман болбос беле.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: