Menu

Коррупционердин жүзүн баласы ачып таштаптыр

Бөлүшүү:

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген башкы күзөт башкы башкармалыгын жетектеп келаткан Талант Исаевдин коомчулуктун итиркейин келтире турган жоруктары акыркы кезде арбып баратыптыр. Бул тууралуу редакцияга атайын келген кайдыгер эмес жарандар билдиришти. Аз күн мурда эле бу ИИМдеги чоң чиновник бир тууганы – Канатбек Кедейканович Исаев жана ал кошула турган президенттикке талапкерлердин бирөөсүнүн пайдасына кол алдындагы адамдарды
кыйнап кол чогулттуруп бергени, анын баары жараксыз болуп калганы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган болчу. Эми, Таланттын өз “короосунда” реформа баштап, жалаң өз аймагындагы гана балдарды кайра уюшулган кызматтарга жетекчи катары дайындап, мыкты профессионал балдарды “жердиги туура эмес” болгону үчүн иштен айдаткандыгы талкууга алынып жатат. Минтип жердешчил сезими күчтүү баланы тыйып кое турган бир да адам табылбаганы, жада калса министрди да Таланттын капарына албаганы туурабы? Баса, бир убакта “шыкмаматов-гейт” чыкпады беле? Ошол эле жол менен Таланттын менчик автоунаасын саттырып, аны кызматтык унаа катары каттатканга жетишкендиги чынбы? Муну аз сандагы гана адамдар билип жүрсө, эмгек жамааттын чогулушунда, “ооба, “ата, биздин унаа биякта не турат, мынабу сызыкты мен мык менен сызгам”- таризде баласы да айткан”,- деп чарба бөлүм башчысы чындыкты байкоосуз айтып алып, ал бүт коллективге таркап, эл: “нака коррупционер бу турбайбы”- деп шыбырашып атканы чынбы? Талант Исаев тууралуу редакцияга мындан да  олуттуу фактылар келип түштү, биз журналисттик изилдөөнү баштадык, жыйынтыгын айтабыз…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: