Menu

Кремлдин көзүрү ким болот?

Бөлүшүү:

Коңшу Өзбекстан менен Казакстан биздеги президенттик шайлоодо кимди колдой турганын ачык айтпаса да кыйытып айтып, колундагы көзүрлөрүн ачыкка чыгарды. Өзбек президенти мураскерликти көргүсү келгенин айтып Сооронбайга ыктаса, карт саясатчы Назарбаев өзүнүн Ак Ордосунда Бабановду кабыл алып, “Өзүңдөй азаматтарды шайлап алса жакшы болмок” деп Өмүрбекке ставка койду. Коңшулардан колдоо күтүү жагынан эки талапкер бир-бир болуп, негизги туз көзүр болууга үмүт артып турат. Туз көзүрлүк Кремлдин колунда экенин экөөсү тең айттырбай билет. Кимиси Кремлдин көңүлүн таап, колдоосуна ээ болсо, жеңишти чөнтөккө салды дегенге тете болот да. Азырынча орустар картасын ача элек. Шайлоого саналуу күн калганда Кремль өзүнүн позициясын билдирип, оюнду өзгөртүп жибериши мүмкүн деген маалыматтар да бар. Эгер орустар Бабановго ставка койсо, азыркы президенттин абалы оорлой түшөт. Сооронбайга ставка коюлса, Нуракенин батасы текке кетет. Кремлдеги туз көзүр баарын чечкени калды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: