Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: «Биздеги АКШнын аскердик базасына героин эмес, террорчулар да келип турган…»

Бөлүшүү:

Президенттик жарышка катышкандардын ичинде уникалдуу адамдар да бар. Алардын бири Токтайым Үмөталиева. Бул айым кандай суроо берсең да жарылып сүйлөп кете берет. Токтайым эже менен көчөдөн жолугуп калып, капыл-тапыл суроо бергенге жетишип калдым.

— Токтайым эже, сиз төртүнчү жолу президенттик шайлоого катышып жатасыз. Шайлоодо акчасы, бийлиги барлар жеңишке жетип жатканын өзүңүз деле көрүп жатасыз. Бул сапар сиз эмнеге ишенип шайлоого катышып алдыңыз?

— Өзгөчөлүгүм, бийлигим же байлыгым жок болуп жатпайбы. Бүгүн кыргыз эли байлыкты же бийликти тандашы керек болуп турат. Бирок, байлыкты тандаса да, бийлигин тандаса да ачка калып жатат. Мен тазалыкты даңазалап чыгуудамын. Мындан сырткары аял киши катары менин шайлоого катышып жатканым мамлекеттин аброюн бир топ көтөрүп жатат. Бул Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде биздеги демократиянын чоң белгиси. Эң биринчи Кудайга таянып баратам. Экинчиси, жаңыланууну каалаган эл-журт бар.

— Талапкер бийликтин мураскери жана ага атаандаш болчу топ болуп эки тарапка бөлүнүп калышпадыбы. Сиздин көз карашыңыз кайсыл тарапка төп келип, биригүүгө шарт түзөт?

— “Балык башынан сасыйт” деген сөз бар. Биздин жигиттерибиз да ушундай. Башынан эле туура эмес кетишет. Жигиттерибиздин жанында “талагы” бар же “нике шакегин” тагынган 5–6 адам жандап жүрөт. Булар өздөрүнүн жүрүш-туруштарын да саясатка таңуулап койду. Бири-бири менен саясий “үйлөнүү” кадыресе көрүнүш болуп калды. Өздөрүнүн партияларын таштап, ага ишенген элди сатып кетип калууда. Партиялык түшүнүктү пайда кылган жокпуз. Саясатчылардын биригүүсүнөн бөлүнгөнү бат болуп жатат. Коомдо дагы ушундай эле көрүнүш. Жаш үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү ажырашууда. Билинбеген менен бул дагы аябай кооптуу маселе. Мындай маселелерде аялдар көпчүлүк учурда туруктуу болуп келишет. Маселен, Текебаев саясий тепкиде калганда, Асия Сасыкбаева Текебаев парламентке алып келбесе да аны коргоп аягына чейин турууда. Азыр камалганы жатса да Аида Салянова өзүнүн туруктуулугун көрсөтүүдө. Ал деле позициясын өзгөртүп кетип калса эч ким эч нерсе деп айталмак эмес. Бабановдун жанында Роза Акназарова эжебиз жүрөт. Жогорку Кеңешке депутат болуп кирбесе да партиянын өкүлүмүн деп жүрүүдө. Бөдөш Мамырова Куловдун жанында кандай кыйынчылыктарга карабай бирге жүрдү. Ушул эле аялдар бекем, туруктуу көз карашты кармана алаарына далил.

— Жалгыз аял талапкер болгондуктан туруктуу позицияны карманайын деп атасызбы?

— Ооба, жалпы аялдардын аброюн сактайын деп жүрөм. “Токтайым эже дагы качан, кайсыл саясатчыга тийип кетет экен?..” деп күтүп олтургандар бар.

— Сүйлөшүүгө чакырган “күйөө бала” болдубу?

— Тегерек-четимди айланып жүргөндөр көп. Созолонуп, көз кысып дегендей. Жоро-жолдошторун, тууган-уругун жөнөтүп жатышат. Мен ачык айтып көнүп калган жанмын да. Макул, биригели. Бирок, кандай негизде, мага кандай сунуш кыласыңар деп жооп берип жатам.

— Калың маселеси чечилбей жаткан экен да…

— Тыйын маселеси эмес. Мага жуучу жөнөтпөй өзүң алдыман өт, жүзүңдү көрсөтчү, сунуштарыңды өзүң ачык айткының деп атам. Шайлоого катышуу үчүн катталбай калган жигиттер менен жолугуштум. Алар колдойбуз деп атышат. Биригүүгө чакырган адам баарын ачык айтыш керек. Мен да алардын сунушун уккандан кийин эл менен акылдашам. Бүгүн көпчүлүгүбүз байлык, бийликти гана ойлоп калдык. Адамгерчиликти, келечекти ойлогондор саналуу гана болуп калды. Биз өзүбүздүн маданиятыбызга, салтыбызга кайтып келишибиз керек. Бири-бирибизге алакан жайып бата берген баалуулугубуз калып калды. Мунун жыйынтыгы таштанды балдар, зордук-зомбучулук болууда. Аялдарды токмоктогондун пайызы күндөн-күнгө өсүп жатат. Жакында эле БУУда аялдарды коргой турган жерде иштеген келинди күйөөсү аябай токмоктоп, жарбаган жери калбаптыр. Ошондой абалга туш болсо да келин күйөөсүн сотко бербей жатат. Бул эмне деген көрүнүш? Ал келин ай сайын 2 миң доллар акча таап келет. Мен шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрүмдү деле билем. Бирок, негизги көйгөйлүү маселелерди алып чыгып, жигиттердин чекесинен чертип ойготоюн деп атам.

— Сиз Акаевдин тушунда саясатка аралашып калдыңыз. Ошол кезде “Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын “Ганси” аскердик базасы тууралуу көп маселелерди көтөрүп жүрдүңүз. Кечээ жакында Аскар Акаев өзү АКШ аскер базасы аркылуу героин ташып турганы мүмкүн деген сөзүн айтты. Сиз да ушундай маалыматтарды уккансызбы?

— Акаевдин учуру менин саясатка кирген доорум. 2005-жылы бул маселени көтөргөнбүз. Чоң тегерек үстөл өткөн. Бир топ маалыматтар түшкөн. Себеби, “Гансиде” эч нерсени текшере алчу эмеспиз. Ал жер келишим боюнча дипломатиялык кол тийбестикке ээ болчу. Самолёт жарылган кезде дагы текшерттирбей койгон. Азыр талапкер болуп жүргөн жигиттердин бири ошол кезде Афганистанда иштеп жүргөн. Бул суроого мен эмес, ошол жигит так жооп бере алса керек. Бирок, ошол базада иштеген биздин жарандардын маалыматы боюнча көп жабык жүктөр келип турган. Ал тургай Афганистандан уурдалган адамдарды биздин аэропорт аркылуу Гуантанамага алып барган деген сөздөр чыккан. Ирандын атайын кызматынын жетекчиси “Силердеги базага террорчу бараткан экен, биз бул жакта кармап калдык” деп ачык айткан. Эмне үчүн террорчулар базага келиши керек эле? Себеби, террордук уюмдардын башчылары героин саткан адамдар менен түздөн-түз байланышта болушат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: