Menu

Журналист Хадижа Исмаилова Азербайжандан чыгууга уруксат сурады

Бөлүшүү:

Азербайжанда журналист Хадижа Исмаилова эл аралык иш чарага катышуу максатында өлкөдөн убактылуу чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Ал Азербайжанды таштап кетүү ниети жок экенин баса белгиледи.

Азербайжандын Жогорку соту 2016-жылдын 8-декабрында шарттуу түрдө жазасын өтөп жаткан Исмаилованын чет өлкөгө чыгуусуна салынган тыюуну күчүндө калтырган.

“Стокгольм экономикалык мектебинин ригалык филиалы иликтөө журналистикасы боюнча 23 күндүк курска чакырды. Белгилүү бир мөөнөткө өлкөдөн чыгууга уруксат берүүсүн өтүнүп сотко кайрылдым. Сот мага салынган тыюуну толугу менен алып салса дагы, Азербайжандан биротоло кетүүгө ниетим жок. Журналисттик иликтөөлөрдү Азербайжанда уланткым келет. Чет өлкөдө бул үчүн мүмкүнчүлүк чектелүү”, – деди Исмаилова.

Анын адвокаты Фариз Намазлы Азербайжан мыйзамдарына ылайык, жазасын шарттуу түрдө өтөп жаткандар соттун чечими менен чет өлкөгө убактылуу чыкса болорун айтты.

«Кавказский узел» билдиргендей, журналисттин кайрылуусу сотко келип түштү жана жакын аралыкта каралат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан жана бир катар эл аралык сыйлыктарды алган журналист Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда камакка алынган. Кийин ал салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө ыйгарып алган деген өндүү айыптар менен жети жарым жылга түрмөгө кесилген.

Бирок эл аралык коомчулук тарабынан айтылган сындардан кийин Азербайжандын Жогорку соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жаза менен алмаштырып, журналистти абактан чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: