Menu

Тазабек Икрамов, депутат: «Нечен жолу бут, кол сынып, баш жарылды»

Бөлүшүү:

— Тазабек мырза, кичи мекениңиз Кызыл-Сеңир айылына атайын чоң спорт комплекс курдуруп жатат деген имиштин чындыгы канчалык?

— Ал спорт комплексти бир нече жыл мурун, тактап айтканда 2006-жылы мен өзүм демилгелеп, колумдан келишинче акча тыйын чыгарып, башкаларды да жардам берүүгө үндөп куруп баштаганбыз. Москва шаарында иштеген балдар 1 млн сом жардам кылышкан. “Көп түкүрсө көл, көл толкуса сел” болот дегендей спорт комплекстин көпчүлүк бөлүгү 70% бүтүп калган. Ошол учурда түрткү берүүчү грант акча берген. Бирок акчаны спорт комплекс курууга жеткирбей, ортодон жеп кетишкен. Ушул тапта ПМ акча бөлүп берип, канча жылдан бери бүтпөй турган спорт комплекти бүтүрүп жатабыз.

— Куруудагы максат…

— Максатыбыз арбын. Спорт бул-дени сактыктын булагы болуп эсептелет. Жаштардын дени сак болушу, келечек муундун, улуттун дени сак экенине өбөлгө түзөт. Кудайым буйруп, спорт комплекс бүтүп калса жаш муундарыбыз гана эмес, айыл эли үчүн жакшы шарттар түзүлөт деп ишенем. Атайын чоңдор эс алчу, оюн ойноочу бөлүмдөрдү уюштуралы деген ниет бар. Ал эми жаштар үчүн спорттун бардык түрлөрү менен машыгууга кенен шарттарды түзүүнү пландоодобуз. Ар жыл сайын мамлекеттик деңгээлде жаштар үчүн спорт жаатында мелдештерди уюштуруп турсак, айыл элине кандайдыр бир стимул жаралып шык ойгонот беле деген изги тилек. Элет жеринен дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчулар чыкса жаманбы?..

— Мечит да салдырып жүрдүңүз эле. Мечитиңиз бүттүбү?

— Ооба мечит, медпункут бүткөрүлгөн.

— Анда сиз айылдаштарыңыздын социалдык маселелерин эң жакшы деңгээлде чечип жаткан окшойсуз?..

— Туура. Айыл жеринде социалдык маселелер өтө арбын буйруса колубуздан келишинче чечип келе жатам. Мечит менен медпункт менин өз айылыма эмес, биздин өрөөнгө Жашасын 2 айылына курулду деп тактап кетким келет. Жаңы Орток деген айыл учурунда көчкүдөн жабыркаган. Көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткан калкты жаңы конушка көчүрүп, Жашасын 2 деген ат ыйгарылган. Учурда Жашасын 2 жашоо шарты башка айылдарга салыштырмалуу өтө оор. Социалдык маселелери бир топ. Ошол айылга элдин талабын орундатуу үчүн, Араб кайрымдуулук фондунан Саид Баюминин жардамы аркылуу мечит, медпункт салдырдык. Дагы бир айта кетчү жагдай, жаңы конуш сай жээгинде жайгашканы үчүн, өтө шамалдуу айыл болуп эсептелет. Шамалдын кесепетиненби, ал айылда гайморит менен жабыркаган кары-жаш көп кездешет экен. Буйруса заманбап медпунктту бүтүрүп бердик, айылдыктардын бир топ ооруларынын алдын алат деген оюм бар.

— Элет жеринде мындан башка кандай көйгөй жараткан маселелер бар экенин байкадыңыз?

— Таштак айылында мектеп маселеси көйгөйлүү, бардык эле айылдарда таза суу жоктугун белгилешти. Кыскасы көйгөй туудурган маселелер арбын.

— Негизи, “атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул” — ​деп айтылат эмеспи элибизде, сиз ата-энеңизге кандай уул болдум деп айта аласыз?

— Айтылган сөздө калет жок. Атама тең уул же болбосо атамдан артык уул болдум деп айтуу үчүн атам жасаган иштерден жакшыраак бир нерсе жасап коюп мактансам туура болчудай. Мен он алты бир тууганмын. Ата-энем он алты баланы эрезеге жеткизип, алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңгону эле эмне деген эрдикти талап кылат. Атам мен үчүн теңдеши жок азыркы тил менен айтканда идеалдуу инсан болуучу. Биринчи мугалим ата-эне дегендей, атамдын жакшы сапаттарынан таасирленип чоңойдум. Ал кишинин темирдей бекем тартибинин натыйжасынан элдик уул болдум деп сыймыктана айтсам жарашчудай.

— Балалыгыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Балалыгым айыл жеринде өттү. Сузак районунун Кызыл-Сеңир деген айылында балалык издерим калды. Менин балалыгым өткөн айыл өтө кооз эле же мага ошондой сезилеби айтор, керемет жай. Айылдын боз чаңдарына аралышып бой жеттим. Кой кайтардым, уй бактым. Чөп чаптым, талаа сугардым, канча ирет бутумду чөңөргө тилдирген учурлар болду. Чыныгы балалыктын даамын сезипмин деп калам азыр. Ал кезде эмне, куулук шумдукту билбейсиң, интернет телефон укмуш телевизордун түрлөрү жок кез эмес беле… Жасалмалуулук жок, бары табигый эле.

— Апаңызчы, кандай киши эле?..

— Апамбы, апам теңдешсиз мээримдүүлүгү, чечкиндүүлүгү, көтөрүмдүү чыдамкайлыгы жанда жок эле. Мугалим болуп мектепте көп жылдар эмгектенди. Адамдын оюн айттырбай, көз карашынан түшүнгөн керемет инсан болучу. Эми апам жөнүндө айта берсем сөз жетпес. Жасаган ар бир тамагы дале таңдайымдан кетпейт. Боорукердигин кеп салбай кою болбос.

— Спорт десе ичкен ашыңызды жерге койгонуңузду билебиз, спортко качан кызыга баштагансыз?

— Мектепте окуп жүргөн кезимден баштап эле кызыга баштадым. Жалал-Абад шаары биздин айылдан 17 км алыстыкта жайгашкан. 6-автобус менен айылымдан облборборго каттачу элем. Мурунку ВЛКСМ паркында жайгашкан азыркы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде билим алдым.

— Жаш спортчу кездеги окуялардан айта кетсеңиз?

— Эми спорт бул, билген кишини өзүнө тартып алчу башкача дүйнө. Ал дүйнөгө баш баккан киши кайтып чыгып кетүүнү ойлобойт. Бала кезде спортко болгон шыгым ойгонду айылдаш балдарга кошулуп, жогоруда айтпадымбы ВЛКСМ паркындагы спорт мектептен окуп тарбияланып, калдым. Эми спорт көп эмгекти анан өжөрлүктү талап кылат. Мектептен машыгуу учурунда бир күнү бутумду сындырып алдым. Ичимден спортчу болгум келбей ыйлап алганымчы, мектепте бир алты жетиде окусам керек эле. Аксаңдап автобус кетчү аялдамада досум экөөбүз турабыз. Бутум айыкса, эми машыкпайм деген жыйынтыкта автобусту зарыга күтүп турам. Аңгыча атам келип, машинени жаныбызга токтотуп, досум экөөбүздү салып алды. Атам “Сабактан кайттыңарбы?” деп айтып оозун жыя электе бышактап, мен бутумду сындырып алдым деп ыйлап жибердим. Атам бери бурулуп ормоё карап, “Бул эмнеси экен. Спортчу болуш үчүн кол-бут сынат, баш жарылат. Анан барып спортчу болот. Ага чыдабасаң спортуңду токтот!” деди. Апам мени карап, “эркек бала эрктүү, чыдамкай болуш керек” деген. Ошол окуядан соң мен башкача көз карашка көчтүм. Андан кийин нечен жолу бут, кол сынып, баш жарылды.

Эми кеп нугун саясатка бурсак. Саясатка келгендеги биринчи максатыңыз?

— Менин саясатка келгендеги биринчи максатым, элиме ак кызмат кылуу. Мекендештеримдин жеңилин жерден, оорун колдон алуу. Саясатка келгенге чейин эл катары мигрант болуп да иштеп көргөм, ошондуктан чет өлкөдө иштеген жарандардын абалын жакшы билем. Чет жакта иштеген замандаштарга да жардам берсем деген изги тилегим бар.

— Партия лидериңизди колдобой, Сооронбай Шариповичти колдоп жатканыңызга сын айткандар четтен табылат?

— Туура суроо болду. Мен “Өнүгүү” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендигим чындык. Бирок биздин партияда, президенттикке жалаң гана партия лидерин көрсөтүү керек деген мыйзам жок. Мен кыргыз мамлекетинин жараны катары өзүм каалаган талапкерге ишеним көрсөтүүгө акым бар.

— Бакыт Эргешовичке ишене албайсыз гоо…

— Бакыт Эргешовичке ишене албайм деген сөздөн алысмын. Азырынча Бакыт Эргешович жаш. Ар тараптуу жетилсе жарашат. Анын келечеги алдыда. Бакыт басчуу ашуулар бар али.

— Кандай себептен Сооронбай Шариповичти колдоп калдыңыз?

— Сооронбай Шарипович биринчиден бийликтин бардык бутактарында иштеп калган. Экинчиден, өз ордун билген, мээнеткеч, жулунбаган ток пейил киши. Куру сөз менен мактанып элдин башын айлаткандан алыстыгын баалайм. Кооз сүйлөй албашы мүмкүн, табиятынан тактыкты сүйгөн инсан катары билем. Ошондуктан ишеним артып олтурам. Кудайым буйруп, Сооронбай Шариповичти президенттикке шайлап алсак өлкөбүздү өргө сүйрөйт деп ишенем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: