Убактылуу кармоочу изолятордо өз баласын өлтүрүп, таштанды салган челекке таштап кеткен аял асынып алды. Бул туурасында милиция кызматкерлери kaktus.media редакциясына маалымдаган.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы кылмышкер 2-сентябрда өзүнүн жоолугуна асынып каза болгон.
Эске салсак 14-сентябрда таштанды салынган челекте жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси жатат деген маалымат 102 номуруна келип түшкөн. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын облусунан келген 30 жаштагы М.М. аттуу жаран кармалган жана Ленин райондук ИИБи ага карата 100-берене боюнча кылмыш ишин козгогон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ