Menu

Жакында кудайын тааныбай бараткан “өкүл” Кенекеевдин ким экендигин билесиңер…

Бөлүшүү:

19-сентябрь күнү, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун жаш тарапкерлери менен дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун жаш тарапкерлеринин ортосунда чатак чыгып, ал мушташка айланып, айылдаштардын кийлигишүүсүнөн улам гана жөнгө салынган. Бул уккандардын канын кызытуучу деле жаңылык эмес. Бирок, бул жерде көңүл буруучу жагдай – Өзгөрүш Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин туулуп-өскөн айылы. Өз айылында шайлоо учурунда туруктуу, тынч абалды түзө албаган өкмөттүн өкүлү андай абалды облус боюнча кантип түзө алат?

Экинчиден, бүгүн КСДП партиясынан Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Талас жергесин кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт. Жолугуша берсин, анда сөз жок. Кептин баары башкада болуп жатпайбы. “Административдик ресурс колдонулбайт, андай кадамдарга баргандарга катуу чара көрүлөт” -деп сайраган вице-премьер-министр, шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев “оозунан жаңылып”, штаб жетекчилигинен четтетилип, премьер-министрден эскертүү алып эсин жыя албай отурат.Таластагы өкмөттүн өкүлү Д.Кенекеев эмне кылууда? Бул “өкүл” дагы райондук билим берүү, саламаттык сактоо, суу чарба жана башка ушуга окшогон мамлекеттин “акырынан жем жеген” мекемелердин жетекчилеринин куйруктарын толгоп, С.Жээнбеков менен жолугушууларга аларды барууга мажбурлап, анысы аз келгенсип аларды өздөрү менен кошо бирден адамды ээрчите келүүгө милдеттендирип жаткандыгы карапайым элдин кыжырын кайнатууда.

Бийлик тактысында отургандардын кимиси өз кемчилигин мойнуна алып, элден кечирим сураганга жарачу эле? Алардан эмне, Д.Кенекеев кем бекен? “Уккан эмесмин, көргөн эмесмин…” деп так секирээри турган иш. Бирок, ээрчитип барган кишисинин жол киресин, тамагын кошо көтөрүп, Сооронбай талапкердин соо жерин калтырбай “сомдоп” отурган бечара “бюджетниктерди” кайда катабыз?

Дегеле, Талас облусунда КСДПнын салмагы тооктун жүнүндөй эле үлпүлдөгөн бир нерсе эле. Эми Сокесин көтөрүп чыккан КСДП аны биротоло нөл кылып алды окшойт. Ишенбесеңер, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо, бул партиянын өкмөттүн өкүлү Д.Кенекеевдин району менен туулуп-өскөн айылынан алган добуштарын карап көргүлө.
Бакай-Ата району боюнча 2015-жылдын 4-октябрында 17501 адам добуш берген. Анын ичинен алдыңкы 4 орунду алган партиялар:

1. “Республика” – 6030 добуш;
2. “Ата Мекен” – 3374 добуш;
3. “Өнүгүү” – 2924 добуш;
4. КСДП – 1958 добуш.
Өзгөрүш айылы боюнча:
1. “Республика” – 403;
2. “Өнүгүү” – 348;
3. КСДП – 162;
4. “Ата Мекен” – 140.
Парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынан район боюнча үч эсе аз добуш алган КСДП партиясы, анын “аргымагы” С.Жээнбеков бүгүн кимге жана кайсы кадырына ишенип отурушат болду экен?

Өкмөттүн өкүлү Д.Кенекеевгеби? Жакынкы күндөрү Кенекеевдин мыйзам талаптарын одоно бузган иш-аракеттери жөнүндө видеотасма редакцияга түшүшү күтүлүүдө. Куда кааласа, кудайын тааныбай бараткан “өкүлдүн” ким экендигин ошондо билесиңер.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: