Menu

АКШ бийлиги чек ара режимин катаалдатат

Бөлүшүү:

Жекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп визалык-иммиграциялык тармакта Кошмо Штаттар менен кызматташууну каалаган мамлекеттер аткарышы керек болгон минималдуу талаптар көрсөтүлгөн жарлыкка кол койду.

“Учурдагы система өзүнүн кудуретсиздигин жана терроризм менен уюшкан кылмыштуулук күчөгөн доордо өзгөчө тобокелчиликке ээ экенин далилдеди”, – деп айтылат жарлыкта.

Эми Кошмо Штаттардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү АКШга кирүүнү каалаган жарандарын текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берип турушу керек болот. Бул виза сураган адамдын АКШнын улуттук коопсуздугуна же коомдук тартипке коркунуч жаратпастыгын тез аныктоо үчүн керек.

Документке ылайык, тиешелүү маалыматтарды бербеген өлкөлөрдүн жарандары Кошмо Штаттарга кирүү укугунан толук же жарым-жартылай ажыратылат.

Трамптын администрациясынан кабарлашкандай, учурда дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көбү документте көрсөтүлгөн шарттарды аткарууда. АКШ менен визалык-иммиграциялык тармакта кызматташа албаган же кызматташууну каалабаган өлкөлөрдүн арасында – Чад, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сирия, Венесуэла жана Йемен өлкөлөрү бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: