Швейцариялык Swiss Alpine Air компаниясы Альп тоолорунун абаларын баллондор менен сатып баштады. Компаниянын сайтында алар бир, же эки, же он эки флаконду сатып алууну сунушташат. Ар бир флакондо жети литр аба бар, ал болжол менен 120 дем алууга жетет. Бул туурасында news.rambler.ru билдирет.
Баллондор атайын индивидуалдуу маскалар менен жасалган. Бир товардын баасы 47 долларды түзөт.
Ишкерлер азыркы учурда аталган бизнеске акча бере турган каалоочуларды издешүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ