Menu

Бишкек мэрлигин сураган Темир Сариевди кечээ Алмаз Атамбаев кабыл алган жок

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер болуп аттанган Темир Сариевдин адамдык, каржылык ресурстары улам бөксөрүп баратканы байкалууда. Бүгүн эле анын президенттик шайлоо штабынын жетекчиси Элмира Ибраимова жана дагы 7 активист штабды таштап кетишти.

Алар муну Темир Сариевдин буга чейинки макулдашылган идеологиялык багыттарынан тайгандыгы, убактылууу конюктуралык жолго түшкөндүгү менен түшүндүрүштү.

Ага чейин штабга каржылык, адамдык ресурстары менен жакшы жардам берип келаткан Мелис Мырзакматовдун саясый технологу Искендер Гайыпкулов да командасы менен кетип калгандыгы белгилүү. Жер-жерлердеги штабдары да каржылык тартыштыктан деморалдашып, айрымдары башка атаандаштарынын штабдарына өтүп кетүүдө.

Биздин Ак үйдөгү булактар билдиргенине караганда азыр Темир Сариев бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков менен биригүү шарттарын талкуулоодо. Сариевдин сураганы Бишкек шаарынын мэри кызматы экен.

Кечээ, 24-сентябрда алдын-ала жазылганына карабай Алмаз Атамбаев Темир Сариевди кабыл албаптыр. Атамбаев мэрдик кызматты Сариевге убада кылабы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок Сариев эгер анын шарты кабыл алынса Сооронбай Жээнбековго чын дилинен иштеп берерин билдирип, өзүнүн талапкердигин Сооронбай Жээнбековдун пайдасына алып саларын убада кылууда. 2011-жылдагы президенттик шайлоонун алдында да ага чейин Атамбаевди жамандап жүргөн Сариев министрлик кызматты макулдашып алгандан кийин өзүнүн президенттик амбициясынан баш тартып, Атамбаевдин командасына кошулуп кеткен. Андан кийин албетте Атамбаевди айга-күнгө теңей баштаган. Азыр болсо президенттикке бийликтен талапкер Сооронбай Жээнбеков административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууда деп айыптап келатат.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы эгер Алмаз Атамбаев Темир Сариевдин шартына макулдук берсе анда Сариевди Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабановго каршы торпеда катары пайдаланууну пландаштырып жатышыптыр.

Баса, кечээ, 24-сентябрда Алмаз Атамбаевге жолугам деп даярдануу алдында Каракол шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, ага элди бийликтин буйругу менен Каракол шаардык мэриясы жыйнап берген. Жыйында Сариев албетте Жээнбековдун күчтүү атаандашы Бабановго карата “популист”, “акчасына ишенип” жатат деген сыяктуу айыптоолорду жаадырган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: