Биздин булактар кабарлагандай, “Ата-Журт” саясый партиясынын лидери Камчыбек Ташиев президент Алмаз Атамбаев менен жолугууга жазылыптыр. Атамбаев да буга каршы эмес экен жана жакынкы күндөрдө алардын жолугуусу күтүлүүдө.
Ага чейин президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбековду колдоорун Жалал-Абадда жарыялап, анын пайдасына өзүнүн талапкердигин алып таштарын убада кылган.
Жалал-Абадга келген Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн Ташиев акырында Жээнбековго ак боз ат мингизип узаткан.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ