Menu

Жолдубаева “жомогун” жобурады

Бөлүшүү:

Шайлоонун мыйзам бузууларга толуп кеткенин негедир Акүй-Көкүй көрбөй аткандай.

Аткени, Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 25-сентябрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузгандарга катуу чара көрүүнү тапшырды. Ал эми өз учурунда Башкы прокурор Индира Жолдубаева шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда катталган мыйзам бузуулар, андан тышкары  шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга  байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатыптыр. Бул маалыматтарды уккан Атамбаев Башкы прокуратурага президенттик шайлоо мезгилинде мыйзамдын сакталышына  көзөмөлдү күчөтүп, мыйзам бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди. Ооба, эл көзүнө же формалдуу түрдө десек болот. Арийне, ар кай жерде мугалимдер, жетекчилер, вице- премьер-министрге чейин “агитпланды” толтуруп жаткандарга эми кандай чара көрүлөт?

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: