Сүйлөйт десе сүйлөп койгондор арбыды. Атургай эртеӊ ажо болом деп дымагы күч болуп аткандар деле абстрактуу ойлордон арыла албай келишет. Дегеним, кечээ “Биринчи радиодо” президенттикке талапкерлердин дебаттары уланды.
Анын жүрүшүндө ажолукка ат салышкандардын бири Арсланбек Малиев “Кыргызстан – бул туура эмес аталыш. Бизди Афганистан, Пакистан менен алмаштырып алышууда. Кыргыз Республикасы – бул кыргызча аталыш эмес. Биздин өлкө Кыргыз эли, Кыргыз Каганаты деп аталышы керек”,- деп өлкөнүн атын өзгөртүү керектигин билдирди. Ооба, аныгында мындай пикири деле туура. Бирок, бүгүн ат алмаштыруудан мурда ушул өлкөбүздүн абалын оӊдоо маанилүү эмеспи. Малиев келе калып эле өлкөнүн атын алмаштыра койгондо өнүгүү жолуна шаӊыраӊдап кирип бара калабызбы?
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ