Menu

Прокурорлор Салянованын жактоочуларын бийге чакырышабы?

Бөлүшүү:

Кызык эле жагдайлар жаралууда. Өзгөчө союлу жоон сот тармагында. Деги ушул сот тармагы таптакыр реформалана албай койду.

Депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соттук отуруму учурунда айыпталуучунун коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзүн сүйлөп жатканда мамлекеттик айыптоочу анын сөзүн токтотуу өтүнүчүн келтирди. “Ал айыпталуучуну коргоого толук укуктуу. Бирок ал мурда айтылгандарды кайра кайталап жатат, кызыксыз болуп жатат”,- деди прокурор. Тажап кетсе керек да, же бир жерге шашып атканбы, айтор “процедура” дегенди уруп ойнобой туруп оюн айта салды. Жактоочу Сыдыкова болсо: “Сизге кызыксыз болуп жатса шоу уюштуруп бийлеп берейинби? Мен бул жерге сизге кызыктуу болуш үчүн эмес, айыпталуучуну коргоо үчүн келдим”,-деп прокурордун оозун аппак кылды.

Албетте, аргасыз жылмайган сот аргументтүү айтылган жактоочунун сөзүнөн соң прокурорлордун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан”- деп айыпталууда. Депутат айым бул айыптоону четке кагып келет.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: