Пденттик щайлоо жакындаган сайын кошуна, боордош Казакстан менен мамиле курчуп, тирешүү күн өткөн сайын күч алууда. Болгондо да мындай кырды-бычак абал Ак үй менен Ак Ордо, президенттердин ортосунда жүрүп жатышы эмненин белгиси? Эки жума мурда казак президенти оппозициялык талапкерлердин бирин кабыл алды. Бул анын бийлик сүрөгөн талапкерге каршы аракети экендиги бештен белгилүү. Андан соң кыргыз президенти А.Атамбаев БУУда сүйлөгөн сөзүндө кыргыз элине кайрылып, “Байларга алданбагыла, алардын акчасына азгырылбагыла” деп, Нуракенин огородуна таш ыргыткандай болду. Андан кийин Н.Назарбаев Алматыда “Бүгүн Алматынын экономикасынын көлөмү Грузиянын ИДПсынан эки, Кыргызстан менен Тажикстандыкынан дээрлик беш эсе жогору. Бул бир гана шаардын эмес, бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү”,- деп, кыргыз ажосуна жооп кайтаргандай болду. Ооба, казак элбасынын кебинде калет жок. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ИДПсы болгону 6,6 млрд. дооларды түзүп, ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Бул да алты жыл жалаң мамлекеттик деңгээлдеги аш-тойлорду гана өткөрүп, алты ишкана курбаган бийлигибиздин “гумандуу стратегиясынын “жемиши” эмеспи. Бирок боордош эки өлкө жетекчилеринин тирешүүсү эмне менен аяктайт болду экен…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ