Ысык-Көлдүн Оттук айылында жол кырсыгы катталып, бир киши көз жумду. Ал кишинин аты-жөнү Жаналиев Д. Бейиши болгур УАЗ машинесин айдап, Балыкчы шаарында такси кызматында иштеп оокатын кылчу экен. Ошол күнү Кара-Талаа айылына Балыкчыдан тактай жүктөп барыптыр. Тактайды жеткизип келе жатса, Оттук айылына кире бериш жерден алдынан жолго жылкы чуркап чыгып, андан буйтайм деп жолдон чыгып карагайды барып сузуп, катуу соккудан улам айдоочу ошол жерден көз жумган экен. Маркумду тууган-уругу мурдагы күнү жерге беришти. Ыйманы саламат болсун!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ