Бишкекте жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2017-жылдын Чүй жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде турган “Вольво” мамлекеттик №В 4601 А J номурундагы(фура) унаасын “Мерседес” мамлекеттик №Е4170Е номериндеги унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Мерседес унаасы күйүп, айдоочусу 1981-жылы туулган Б.К. (эркек) каза болгон.
Куткаруучулар каза болгон айдоочуну унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ