Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору жана баа жеткис байлыгы болгон мамлекеттик тилди даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик тил күнүнө карата Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу жыйын өткөрдү. Салтанаттын ачылышында Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына арналган даректүү тасма келген конокторго тартууланды. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.
Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толду. 1989-жылы аталган мыйзам кабыл алынып, ал эми 2009-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө №358 Жарлыгы кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ