Menu

Казакстанда чет өлкөгө чыккан туристтерди камсыздандыруу сунушталууда

Бөлүшүү:

Казак өкмөтү шейшембиде камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. Документте чет өлкөгө чыккан казак туристтерин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жана кепилдик омбудсменинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда.

Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев мыйзам долбоору казакстандык туристтердин укуктарын коргоо үчүн даярдалганын жана чет өлкөгө чыккан туристтердин мүлккө катыштуу кызыкчылыктарын камсыздарын айтты.

“Туристтик операторлор чет өлкөгө чыга турган туристти милдетүү камсыздандыруу программаларынын бири боюнча бара турчу мамлекетине жана кала турган күнүнө жараша камсыздандырат”, -деди ал.

Мыйзам долбоорунда милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздоо омбудсмендеринин укуктарын кеңейтүү каралган. Казакстанда кепилдик омбудсмени 2008-жылдан бери иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: