Menu

Сариев Жээнбековду колдосо “мамлекеттик ишмер” эмей эле майда-барат соодагер болуп чыгат жана анын анык баасы 2 тыйын – Адил Турдукулов

Бөлүшүү:

Элмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы кызматынан кеткенин жар салды. Айтымында “Сариев менен саясий позициясы дал келбей калгандыктан аны менен иштешүүдөн баш тарткан”. Ал өз интернет баракчасында жазгандай “саясий конъюнктурага ыктап идеологиялык позициясын өзгөртүүнү” өзүнө ылайык көрбөйт. Бирок, Сариевдин позициясында кандай өзгөрүүлөр болгонун тактаган эмес. Маалыматтар боюнча, Сариев алдыда бараткан лидер-талапкерлер менен астыртан сүйлөшүүлөрду жүргүзүп, өзүнө ыңгайлуу бирөөсүнө биригүү ниетине ооп баратат. Ибраимова менен кошо Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов, С.Кылжиев, Б.Жандаев өңдүү саясатчылар да кеткен.

Ибраимованын жогорудагы билдирүүсүнө пикир айткан жарандык активист Адил Турдукулов “саясий конъюнктурага ыктап идеологиялык позициясын өзгөртүү” деген эмнени билдирет? Бул деген Темир Сариев шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдойт дегендикпи? Эгерде ошондой болсо, анда Сариев “мамлекеттик ишмер” эмей эле майда-барат соодагер болуп чыгат жана анын анык баасы 2 тыйын!” – деп таң калат.

Ал эми Сариев болсо Чүй менен Көлдү кыдырып, убадаларды кат-кат берүүнүн үстүндө. Убадаларынын өтөөсүнө чыгаар-чыпасы күмөн, анткени анын убадага бек эместиги журналисттерге маалым болуп калды. Ал шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу боюнча гезиттер менен иштешүүгө убада берип, аянтчаларын ээлеп койгондугуна карабай басылмаларга алигүнчө курулай тил эмизип келет.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: