Menu

Сапар Исаков: Өкмөт ири өндүрүш ишканаларына колдоо көрсөтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарга гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүшүнө салым кошкон ири өндүрүш ишканаларына керектүү жардам көрсөтөт. Ошону менен бирге иштелип жаткан өндүрүүштөрдү жана ишканалардын курулуш иштерин модернизациялоодо экологиялык нормаларга ылайык келген заманбап энергия таасирдүү технологияларды колдонууга басым жасайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ош облусунун Араван районундагы “ЮКСМ” ЖЧК цемент заводунун иш аракеттери менен таанышуу учурунда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өлкө башчысына ишкананын өндүрүш күчүн өнүктүрүүгө багытталгын жаңы пландар боюнча маалымат беришти.

“ЮКСМ” ЖЧК үчүн өндүрүштүк клинкердик линияны куруу долбоору, алдыңкы технологиялык ыкманы колдонуу менен, клинкерди чала күйүгүзүү аркылуу клинкерди кургак ыкмада өндүрүү каралган, бул өз учурунда жылына 900 000 тоннадан ашык цемент өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Курулуп жаткан өндүрүш линиясынын жогорку эффективдүүлүгүнө жетүү заманбап жогорку технологияларды колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле, өндүрүш линиясынын баардык түйүндөрүндө көрсөтүлгөн экологиялык талаптарга толук кандуу ылайык келген жана жалпысынан өндүрүштөн чыккан  чан аралашмаларын жогорку деңгээлде тазалоону камсыздаган заманбап фильтрлерди орнотуу каралган.

Бардык технологиялык процесстер автоматташат, ал эми процессти башкаруу тиешелүү программалык камсыздоо каражатын колдонуу менен  борбордук  башкаруу пункту аркылуу аткарылат.

Долбоорду аягына чыгаруу  2018-жылдын май айына пландаштырылууда.  Бүгүнкү  күндө долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуштун жүрүшүндө 1000 адис жумуш орундары менен камсыз болду.

Сапар Исаков ишкананын  жумушчуларына ийгилик каалоо менен, бул ишкана келечекте шаардын түзүүчүсү болот деген, ишенимин билдири.

Маалымдама:

Араван районундагы “ЮКСМ” ЖЧК үчүн жаңы клинкердик өндүрүштүк линиясын куруу долбоорун ишке кирүүсү менен ишканадагы жалпы жумушчу орундар 500гө жетет. Андан сырткары республиканын бюджетине түшүүчү салык 3,6 эсеге (жылына 468 млн. сомго жакын) көбөйүшү күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: