Menu

Бишкекте бир эле мектептин курулушунан 91,5 миллион сом жешкен

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектеп курулушунан чоң суммадагы акча желди деген жүйө менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдарына иш козгогону маалым болду. Мамлекетке бул мектепти курган “Айкөл курулуш” аттуу жеке менчик компаниясы тарабынан келтирилген чыгым 91,5 миллион сомду чапчыйт. Мектеп 1020 орундук болуп, Кытайдан келген акчага курулган. Ага 2 миллион доллар жана 104 миллион сомдон ашык каражат кеткен. Бул тармактагы адистер бул акчага 600 орундуу үч мектеп салынмак деген пикирин билдиришкен. Азыр ушу тапта тергөө иштери уланууда. Элестетиңиз, бир эле мектептен ушунча жеп жаткан сугалактар он мектеп салса анда, далай акчаны жешет да. Деги эле, мамлекеттен акча жегендерге катуу чара көрүү зарыл.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: