Бүгүн, 27-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районунда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоону таза өткөрүүнү талап кылган жөө жүрүш өткөрүлүп, акырында тынч митинг менен аяктады.
Жөө жүрүштүн катышуучулары бийликтен шайлоодо таза атаандаштыкты уюштурууну талап кылып, бийликтин талапкеринин пайдасына административдик ресурсту колдонбоого чакырды. Ошондой эле парламенттик оппозициянын лидери Өмүрбек Бабановдун талапкердигин колдогон чакырыктарды жасашты.
Булак: Кyrgyztoday. kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ