“Бүгүн эски менен жаңынын күрөшү болуп жатат. Булар тимеле чычалап, күйүп баратат, КТРден мени эптеп каралап жатат. Баардыгын эле каралап атат”, – деп билдирди кечээ, 27-сентябрда Баткен облусунда шайлоочулар менен жолугушууда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов.
“Бабановдун аялы чечен экен, Бабановдун Батукаевге тиешеси бар экен” деп. Менин аялым казак элинин кызы болот. Менин апамы күрт деп жатышат, менин апам түрк, атам кыргыз. Мен эми эмне кылайын? Мындайча айтканда жан күйдүрө турган болду булар. Батукаевди эмне мен чыгардымбы? Мен премьер-министрликтен 2012-жылы кеттим. 2013-жылы булар өздөрү криминалдык авторитет Азиз Батукаев түрмөдө өлүп калбасын деп милиция менен коргоп, аэропортко чейин тимеле президентти жөнөткөндөй булар чыгарбады! Бабановдун кандай тиешеси бар? Бабанов премьер-министр болуп турганда мындай криминалдык авторитеттер эч качан чыкпайт болчу. Менин убактымда эч ким чыккан эмес. Менин убактымда криминалдык авторитеттер эркин жүргөн эмес. “Жакшы адамга сөз жабышат, жаман адамга чөп жабышат” дейт, ошондуктан эч сөзгө ишенбегиле! Жалган жалаа жаап жатышат. Силерди алдап жатышат. Мен президент болгондо бир ууч уурулар байыбайт, бүт эл байыйт. Булар ошону сезип жатышат”, – деди Бабанов.
https://www.youtube.com/watch?v=gN8Op8YjRC4
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ