Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын март айында «Роман», аттуу жаран арыз ээсинин ишеничине кирип алдоо жолу менен 30 000 сомун алдап алып кеткен бойдон берген эмес. Ленин районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарынын 25 жаштагы Г.Р. аттуу тургуну кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ