Menu

«Түйүнчөккө» саясатты суутуп коюптурбу?

Бөлүшүү:

Мурдагы Чүй ОИИБнин башчысы Капар Батырканов да саясатка аралашып, КСДПнын Сары Өзөндөгү штабын башкарып атканы таңгалдырууда. Убагында дал ушул эргулду андагы министр Кашкар Жунушалиев кызматтан алган. Себеби, Батыркановдун ишиндеги шалаакылыгы жана коррупцияга шектүүлүгү жагынан айыпталганын уктуңар беле? Эми ушундай фигура Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусу боюнча штабын жетектеп калганы кандай? Анан калса Капар карт кекирип коюп, «Соке президент болсо, мен министр болом» дегеничи? «Түйүнчөк» каймана атындагы МЕНТтин дээрлик өздүк курамга кадыр-баркы жок экенин билбейсиңерби? «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, дал ушундай былгытмалардан ИИМ системасы жаңыдан тазаланып келатканда, кайрадан «эски шапкелердин» не кереги бар эле? Тек гана пенсиясын алып, өзүнө ылайыктуу кирди-чыкты майда иштери менен жүрө бербейби, ыя?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: