Премьер-министр Сапар Исаков өзүнчө эле өзүн чоң саясатчы сезип, койкоё өпкөлөнөт. Четтен бирөө келсе, «бул жигит жалпы элдик шайлоодон жеңип, 80%дан кем эмес добуш топтоптур» деген ой келет болуш керек. Атайын өзүнө соцмедиадан башка эч нерсени билбеген советниктерди алганын билесиңерби? Ошол жандоочтору Бермет Турсункулова жана Гүлнур Төралиева шефи Исаковду аз күн мурда Эркиндик бульварына ээрчитип барышып, ортого тургузуп, бирөөсү видеого тартып, экинчиси сүрөткө тартып атышты, көргөндөр баш чайкашты. Кызык, анан калса региондорго да активдүү чыга баштаганы, ал жактардан да видеого байма-бай түшүп, барган жеринде базарларды кыдырып, өзүнчө эле шайлоо кампаниясында жүргөндөй элестетип алыптыр… Эмне демекчибиз, премьер-министр мырза, өкмөттү жетектөө – бул Инстаграммыңызды сүрөткө толтуруу эмес. Мамлекет башчы мурунку премьерлерге региондорду кыдырууга түздөн-түз тыюу салчу экен. «Сен эмне менден популярдуу болгуң келеби?» деп. А жанагы сиздин төралиевалар, турсункуловалар чыгарган видеолорду көргөн болсо, ошол замат жумуштан алмак беле? Байкуш элибиз, өзгөчө элеттеги кичинекей балдар сиз менен селфи түшкөнгө бактылуу болгондой, сиз асмандан түшкөн чоң жылдыз эмессиз. Кичине уялыңыз! Шайлоодон шайланып келген эмессиз. Регионго чыкканда өзүңүздү «скромно» эле алып жүрүңүз. «Технократбыз» дегенсиз, «саясатчы эмеспиз» деп. Салмактуу болуш керек да? Скромнее надо быть, скромнее!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ