Menu

Турсунбек Акун: “Сөзүмдү бурмалаган журналистке ачуум келди сотко берсемби?”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, президенттик шайлоо өнөктүгү кандай маанайда өтүп атат?

– Эки күн мурун «Ке Ньюстанбы» же «Ка ньюстанбы» бир журналист кыз сурайт: «Турсунбек Акун, ушундай видео-роликтер чыгып атат, Бабанов жөнүндө» деди. Анын ата-жотосуна чейин жетип каралап, жамандап атат. Ушуга укук коргоочу катары кандай карайсыз?» деди.

– Анан ал кыз менен эмне болдуңуз?

– Эчтеке болгон жок. Болгону журналист кызга жооп берип атып, эки нерсеге токтолгом. Биринчиси, Бабановго, атасы катары жакында эле Казакстанга барып келгени жөнүндө, программасындагы Кыргызстанды аябай өнүккөн 10 өлкөнүн катарына киргизе турганы боюнча, коррупцияны түп тамырынан бери жоё турган убадаларына карата өзүмдүн объективдүү сын пикиримди айткам. Экинчиси, укук коргоочу катары «Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер адамдын улутуна асылган туура эмес» дегем. Ал кыз Өмүрбек иниме сын пикир айткан жеримди кыркып салып, мени мактаган маанайда кылып, сайттарына жарыялаптыр. Турсунбек Акунду кошоматчы кылып көрсөтүп салыптыр. Бул туура эмес. Ачуум келди.

– Бул боюнча сайттын редакциясына кайрылдыңызбы?

– Кайрылдым. «Бу эмне кылганыңар? Материал толук болбой, бурмаланып кальштыр. Биринчи бөлүгүм кайда?» десем, «Биз бере албайбыз. Бабанов сотко берсе ким жооп берет?» деп кутулушту.

– Анда сиз далилиңиз болсо тиги сайтты, журналист кызды сотко бересизби?

– Ойлонуп көрөм, мүмкүн берем.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: