Menu

Кыргыз окумуштуусу эл аралык сыйлыктын лауреаты болду

Бөлүшүү:

КМШ “Кызматташтык жылдызы” Мамлекеттер аралык сыйлыгын тапшыруу кеңешинин чечими менен УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев “Илим жана билим берүү” номинациясы боюнча 2016-жылдын эсеби менен жогоруда аталган сыйлыктын лауреаты болду (байгеси 2 млн. рубль акчалай сыйлыгы менен).

Сыйлык илимпозго дүйнөлүк илим жаатындагы биринчи класстагы илимий-изилдөөлөрдү байыткандыгы, математикалык ири маселелерди чече билгендиги, орто жана жогорку мектептер үчүн оригиналдуу базалык окуу куралдарын жана бир катар окуу-өндүрүштүк комплекстерди жазгандыгы үчүн ыйгарылган.

Алтай Бөрүбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку лауреаты, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, 150дөн ашуун илимий жана илимий-методикалык эмгектердин, 8 монографиянын жана 6 окуу китебинин автору. Андан сырткары дүйнөлүк масштабдагы окумуштуу М.В.Ломоносов атындагы ММУнун Ардактуу профессору жана Түрк дүйнөсүнүн математиктер коомунун Президенти – мунун баары атагы дүйнөлүк масштабга кеткен окумуштуунун эл аралык жана мамлекеттик илимий регалийлеринин азганактай гана болгон тизмеги.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттер аралык “Кызматташтык жылдызы” сыйлыгы КМШ катышуучу мамлекеттеринин Гуманитардык кызматташтык боюнча кеңеши жана Илим жана билим берүү, маданият жана искусство, гуманитардык ишмердүүлүк жаатындагы КМШ катышуучу мамлекеттеринин  мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондусу тарабынан негизделген. Лауреаттарга сыйлык тапшыруу аземи жакынкы арада Москва шаарында болот.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: