Menu

Өмүрбек Суваналиев, экс-министр: “Бүгүнкү күндө криминал көчү жолун улантууда”

Бөлүшүү:

Аз күн мурун НТС телеканалына көрүнүктүү саясатчылар чакырылып, түз эфирден сүйлөштү. Алардын арасынан генерал-майор Өмүрбек Суваналиев бүгүнкү күнү саясатка кылмыштуу топтор аралашып жатканы боюнча мындайча билдирүү жасады:

– Ачык айтсак, мына Апрель төңкөрүшүнөн (2010-жылдагы 7-апрель окуясынан) кийин, КСДП бийликке келгенден бери, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Бүгүнкү күндө «Кыргыз көчү өз жолун улантат» дейт. Биз айтат элек, «бүгүнкү күндө кыргыз көчү эмес, криминал көчү өз жолун улантып жатат» деп. Шайлоонун алдында муну ар бир жаран, өзгөчө ички иштер органда иштеген жетекчилер жана ал жерде иштеп жаткан кызматкерлер
билиши керек. Эми тарыхка келсек, 2005-жылы да, 2010-жылы да, революциядан кийин элдин баары уюшкан кылмыштуу топ кандай жаман экенин билген. Кылмыштуу топ менен байланышкан адамдын аягы жаман болуп бүтөт. Андай топ менен бир жолу эле аңгемелешсең, экинчи сенин мойнуңдан түшпөйт, кызматтан кетесиңби жокпу, ага баары бир. Аны менен байланышкан адам аягына чейин кызмат кылып өтөт. Уюшкан кылмыштуу топ менен биз мыйзам чегинде убагында күрөшкөнбүз, камаганбыз, жазалаганбыз. Ошон үчүн мен шайлоо алдында, милициянын кызматкерлерине, прокуратурага айтат элем «от менен ойнобогула» деп. Таза шайлоо болуш үчүн кылмыш топтору саясатка аралашып, саясый аренага чыкпашы керек!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: