Menu

Жогорку Кеңеште Президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга КР вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова баштаган тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагында 2375 шайлоо участкасы түзүлүп, алар заманбап жабдуулар, туруктуу электр энергиясы, үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылынган. Шайлоо участкаларында шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинди, эми шайлоочулар андан өз аты-жөндөрүн тактап алууга тийиш. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча ыкчам топтор түзүлүп, биометрикалык паспортторду берүү иши улантылууда.

Талкуу жүрүшүндө эл өкүлдөрүнүн суроолорунан кийин административдик ресуср колдонуу фактылары боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгилүү болду. Шайлоого үгүт кампаниясы учурунда айрым талапкерлер тарабынан добуш сатып алууга каржылык ресурс байма-бай пайдаланылып жатканы айтылды. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова БШКнын айрым мүчөлөрүнүн укуктары бузулбаганын билдирди. Ал эми вице-премьер-министр Темир Жумакадыров шайлоо өнөктүгүнө терс таасир этүүчү ар бир жагдай, ар бир маалымат тыкыр көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилип жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү шайлоочулардын тизмесин тактоо, добуштардын саналышы, добуш берүүнү жыйынтыктоо жүрүмдөрүндө мыйзамдуулуктун сакталышына өзгөчө көңүл бөлүп, Кыргызстандын келечеги үчүн шайлоо өнөктүгүн таза өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: