Menu

Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Бөлүшүү:

Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, документти жыйынга келген 97 депутаттын баары тең колдоду. Келишимди талкуулоо жабык эшик артында өттү.

Документ парламент тарабынан ратификациялангандан кийин Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги сапары учурунда Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери тарабынан кол коюлат. Сапар 5-октябрга белгиленген.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда. Буга чейин такталбаган чек аранын айынан эки элдин ортосунда чыр-чатактар көп катталып, айрым учурларда кан төгүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: