Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган, себеби саат 14:30да шаардын дүкөндөрүнүн бирине, азиат улутундагы бет капчан белгисиз 2 кыз кирип, арыз жазган адамды муунтуп, күч колдонуп, 6 000 сом акчасын тартып алышкан. Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмыштын “изин суутпай” 20 жаштагы М.С. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-168-беренелеринин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө берилген.
Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жарандын өздүгүн жана кайда экентигин тактоо максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ