Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, экспортерлорду колдоого, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашырууда бизнес тутумунун активдүү катышуусуна кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан менен болгон жолугушууда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Европалык бирикме өлкөлөрүнө жергиликтүү шайлоо тартиптерин жакшыртууга көмөктөшүүдө биринчи кезекте калыс жана ачык-айкын шайлоолорду камсыз кылууга багытталган жардамдары үчүн ыраазычылык билдирем. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын ишке ашырууда Европалык бирикме менен кызматташууга кызыкдар. Аталган программаны ишке ашырууда “Таза Коом” санариптик алмашуу программасына, калкты ичүүчү таза суу жана сугат тармактарынын өнүгүүсүн камсыз кылуу, жумуш орундарынын санын көбөйтүү жана калктын жыргалчылыгына багытталган компоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. Иш ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө да жүргүзүлөт. Европалык бирикме аталган программаны ишке ашырууда активдүү катышарына ишенем” – деди Премьер-министр Сапар Исаков.
Европалык бирикменин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриана бириккен өлкөлөр Кыргыз Республикасындагы реформаларга кылдаттык менен байкоо жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
Тараптар маалымат борборун жана Google, Amazon сыяктуу компаниялардын аймактык өкүлдөрүнүн катышуусу менен тажрыйба алмашууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
«Октябрь айында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого өзгөчө көңүл бурулган. Ошону менен бирге «Жаңы доорго – кырк кадам» Өкмөттүн программасы боюнча кайсы жерде биздин тажрыйбабыз же билимибиз талап кылынса жигердүү катышууга жана компоненттерин ишке ашырууга даярбыз»,- деп Европа биримдигинин өкүлү Петер Буриан сөзүн жыйынтыктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ