Жогорку Кеңештин депутаттары жумуш орундарында жок. Бардыгы президенттикке талапкерлердин штабында сагалап жүрүшөт, токоч үмүт кылган томаяктардай болуп. Сагалаган депутаттардын илең-салаң болушунан улам парламент эки жума жалпы жыйындарды өткөрбөй турган болду. Эми булар президенттик шайлоодон кийин жолугушат экен. Элдин эсебинен жашап жаткан эл өкүлдөрүнүн бул кылыктары жалпы коомчулукту нааразы кылууда. Кыскасын айтканда Жогорку Кеңеш эшектин тушагын да чече алышпай турган органга айланды. Бул абдан өкүнүчтүү.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ