Menu

Отунбаевага кадимки БУУнун, Башкатчысы А. Гуттерештин көзү түшүп, “куда түшүп…”

Бөлүшүү:

Кыргыз бийлиги оозунан эне сүтү кете элек, өмүрүндө бир өндүрүштүк ишкананы башкармак турсун, баш багып  койбогон жаштарды “Жаш эле жаш!” деген ураан менен өкмөт башчы, министр, кеңешчи кылып, бүткүл өлкөнү “жашартуу” акциясы жүрүп атканда, 60тан жаш курагы өтүп калган экс-президентибиз Р. Отунбаевага кадимки БУУнун, Башкатчысы А. Гуттерештин көзү түшүп, “куда түшүп” отурат. Ошентип Ак үй, президент А. Атамбаевдин “кара тизмесине” кирген кыргыз кызы Бириккен Улуттар Уюмунун эң жогорку деңгээлдеги ортомчулук Кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү болуп шайланып отурат. Мындай жагымдуу маалыматты 13- сентябрда Бириккен Улуттар Уйумунун Башкы катчысы Антонио ГУТЕРРЕС өзү кабарлады. Аталган жогорку даражалуу комиссиянын курамына Чилинин Президенти Мишель Бачелет, Шри-Ланканын Конституциялык кеңешинин мүчөсү Радика Кумарасвами, Финляндиянын экс-Президенти Тарья Халонен, Иорданиянын мурунку Тышкы Иштер Министри Нассер Джода, Алжирдин мурунку Тышкы Иштер Министри Рамтане Ламамра, Гватемалы Өлкөсүнүн мурунку Тышкы Иштер Министри Герт Розенталь, Кентерберийскийдин Архиепискобу Джастин Уэлбиге окшогон дүйнөгө аты таанымал мен деген 18 дөө-шаа дүйнөлүк саясатчылар мүчө болуп киришти. Роза эжебизди бул жогорку кызматы менен биз да  куттуктайбыз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: